Бүгүн, 12-октябрда парламент жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Азыгалиевдин талапкерлигин жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду.
Нурланбек Азыгалиев 1970-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Билими жогорку. 1989–жылы Фрунзе атындагы совхозтехникумун «зоотехник» адистиги боюнча аяктап, 1998-жылы Түркиядагы Эге университетинин «айыл чарба» факультетин, 2004-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз