Нурланбек Шакиев Билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады

Нурланбек Шакиев Билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады

Жогоорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Билим берүү жана илим тармагында эки министрлик түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн  Улуттук илимдер академиясында   билдирди.

Анын айтымында, илим тармагын  реформалоо үчүн  министрликке өзгөртүүлөрдү киргизүү керекю

«Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт. Бирок бирине жетишсе, бирине жетишпей, ири реформаларды ишке ашыра албай келет. Андыктан, бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл деп эсептейм», – дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>