Чүйдөгү өспүрүм кыздын зордукталышы. Милиция үн катты

Чүйдөгү өспүрүм кыздын зордукталышы. Милиция үн катты

Чүй облустук милициясы «Сокулукта 13 жаштагы кыз 9 эркек тарабынан дээрлик бир жыл бою зордуктоого туш болуп келген» деген билдирүү боюнча үн катты.

Облустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, быйыл 23-февралда Сокулуктун милициясына 41 жаштагы аял кайрылып, 2009-жылы туулган кызы 22-январда саат 08:00до мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан 20 күн өткөндөн кийин өспүрүм кыз Сокулук айылындагы мейманканалардын биринен табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Милициянын маалыматы боюнча, ал буга чейин үйүнөн кетип калган учурлар болгон.

Андан кийин өспүрүм кызга карата соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесине (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, иликтөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүм кыз айткан жарандар аныкталып, милицияга жеткирилген. Алар менен тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

«Аталган кылмыш иши боюнча райондук милициянын тажрыйбалуу тергөөчүлөрүнөн турган топ түзүлүп, иликтөө иштери ИИМдин жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат», — деп билдиришти милициядан.

Милиция кыздан ата-энесинин укук коргоо органдары чара көрбөй жатканы тууралуу сөздөрүн чындыкка дал келбейт деп билдирүүдө. Тергөө уланууда.

Учурда бул иш боюнча үстүнөн арыз түшкөн адамдар кармалган эмес. Милициядан түшүндүрүшкөндөй, экспертизалардын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, алар фигуранттарды кармай алышпайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Акыйкатчы институту Сокулукта 9 эркек 13 жаштагы кызды дээрлик бир жыл зордуктап келгени тууралуу билдирген. Аларга кыздын ата-энеси кайрылып, милиция кылмышкерлерге чара көрбөй жатканын айтышкан.

Кыздын апасынын айтымында, 19-22 жаштагы 9 жигит 2023-жылдын апрель айынын бери анын 13 жаштагы кызын системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Алар кызды «эч кимге айтпа» деп коркутуп келишкен. Өспүрүм ата-энесине айткандан коркуп, үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ушул жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин гана табылган.

Үрөй учурган окуя. Чүйдө 9 эркек 13 жаштагы кызды бир жылдан бери зордуктап жүргөн

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>