Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдө
Нячангдан Бишкекке келе жаткан учак Индияга кондурулган
05.05.2025 | 10:19
4-майда Нячанг (Вьетнам) — Бишкек каттамы боюнча бараткан учак Индиянын Колькутта шаарынын аэропортуна техникалык конууга мажбур болгон. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Air nomad авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, конуу май куюу жана учуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн.
Жүргүнчүлөрдүн арасындагы Кыргызстандын 163 жараны мейманканага жайгаштырылып, эки маал тамак-аш жана бардык зарыл шарттар менен камсыз болушкан. Авиакомпания тарабынан кошумча аба борту берилип, учакты Бишкекке 4-майдын кечинде учуруу пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар