«Общак» үчүн 200 миң сом опузалап, жаранды көк ала кылып сабаган адам кармалды (видео)

«Общак» үчүн 200 миң сом опузалап, жаранды көк ала кылып сабаган адам кармалды (видео)

Бишкекте жарандан 200 миң сом опузалап, көк ала кылып сабаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, кармалган адам – 29 жаштагы Д.А. уулу маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү.

Белгилүү болгондой, аталган жаран (Д.А. уулу) №8 абакта отурган 24 жаштагы Э.М.нын көрсөтмөсү менен А.Э.А. аттуу жаранга телефон чалып, жолугууну талап кылган. А.Э.А. жолугушууга келгенден кийин Д.А. уулу кылмыштуу топтун башка адамдары менен бирге ага күч колдонуп унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишшкен. Андан соң аны ур-тепкиге алып, тамагына бычак такап, №8 абактагы «общактын кассасы» үчүн 200 миң сом опузалаган. Эгер укук коргоо органдарына кайрыла турган болсо, катуу жазалана турганын эскертишкен. Андан кийин аны Бишкектеги Эркиндик бульвары жакка алып барып, калтырып кетишкен.

Д.А. уулу аттуу шектүү 9-ноябрда колго түшүрүлгөн.

Учурда анын ушул сяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Тергөө иштери уланууда.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган мыйзамсыз иштер боюнча аларга кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>