COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
“Обу жоктук”. Умрадан кайткандарды көчөгө килем салып тосуп алышты (видео)
06.12.2023 | 14:32
Айыл жеринде Сауд Арабиядан кайткан адамды көчөгө килем төшөп тосуп алышты. Анын видеосу социалдык тармакта жарыяланды.
Ал Кыргызстандын аймактарынын биринде тартылган. Анда умрага барып келген 50-60 жаш курактагы эки айылдашын тосуп алуу үчүн көчөгө ак кездеме жана килемдер төшөлүп, үстөл жасалып, зыяраттан келгендерге даам ооз тийгизген.
Социалдык тармактын колдонуучулары “бул обу жоктук”, “умраге, же ажыга адам өзү үчүн барып келет”, “Пайгамбарыбыз кылбаган адатты бул жасап жатат”, “бул исламга дагы жат” деп сынга алышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом