«Менин жумушум көп». Байсалов парламентке жооп берди

«Менин жумушум көп». Байсалов парламентке жооп берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште анын дарегине айтылган сын-пикирлерге жооп берди.

Ал сый-урматты эки тарап тең көрсөтүп, эл өкүлөрү дагы этиканы сакташы керектигин айтат.

“”Мен депутаттмын, сен унчукпай олтур” деген этика жок. Топто алып, “сен билбейсиң” деп кагып силккен дагы болбойт. Мен аларга бул маселени (Байсаловдун жүрүм-турумуна баа берүүнү — Reporter) көтөрүүнү тыюу сала албайм. Бирок өкмөт ишин улантат. Менин жумушум көп”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынындагы жоругуна баа берүүнү талап кылды.

Депутаттар Байсаловдун отставкасын кайра талап кылышы мүмкүн (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>