Өгөй атасы зордуктады делген 4 жашар кыз боюнча милиция үн катты

Өгөй атасы зордуктады делген 4 жашар кыз боюнча милиция үн катты

Чүй облустук милиция 4 жашар кызга карата адепсиздик фактысы боюнча маалыматка жооп берди.

Маалыматка караганда, 19-февралда Сокулук райондук милицияга 24 жаштагы Ж.Б, 4 жашар кызына карата адепсиз жоруктарды жасаган жарандык күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты боюнча иш козголгон.

Арыз ээсин суракка алуу учурунда,  18-февраль күнү кызын жуунтуп жатып денесинен кызарып калганын байкап калат. Шек санап калган эне кызынан сураштырып жатып, кыздын өгөй атасы жосунсуз жоруктарды жасаганын билген. Ошол замат  дароо арыз милицияга арыз менен кайрылган.

Андан аркы иш-аракеттердин жүрүшүндө милиция кызматкерлери  кылмышка шектүү делип жаткан Ж.Э.ны ички иштер органдарына алып келип суракка алышкан. Ал өз кезегинде жогорудагы айыптарды четке кагып, эч кандай бузуку аракеттерди жасабаганын түшүндүргөн.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

 

Милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>