ӨКМ: Дайынсыз жоголгон аял менен эркек 18 күндөн кийин табылды

ӨКМ: Дайынсыз жоголгон аял менен эркек 18 күндөн кийин табылды

Ак-Суу районунда дайынсыз жоголгон 44 жаштагы эркек киши менен  45 жаштагы аял аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 18-сентябрда Эңилчек айылынан чыгып, тоо тарапка Баш-Көл көлүнө кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

Туугандарынын айтымында, алар 28-сентябрда кайтып келишмек. Бирок, алар кеткен бойдон кайтып келбегендиктен туугандары өз алдынча издөө иштерин жүргүзүп, натыйжа болгон эмес.

4-октябрда таңкы саат 06:30да жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн  беш куткаруучу, төрт милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан үч адам, жалпы 12 адам тартылган. Ошол күнү саат 13:00дө Эңилчек айылына жетишип, түнөп калышкан.

“Бүгүн саат 06:00дө куткаруу тобу Баш-Көл көлүн көздөй издөө иштерин баштаган. Издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандар Теректи ашуусунан аман-эсен табылган. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>