Өкмөт 2024-жылы өлкөдө 250 миң жумушчу орун түзүүнү көздөөдө

Өкмөт 2024-жылы өлкөдө 250 миң жумушчу орун түзүүнү көздөөдө

2024-жылы кеминде 250 миң жумушчу орун түзүшүбүз керек. Бул Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата эң маанилүү милдеттеринин бири. Жумуш орундарын түзүү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдар менен өткөргөн жыйындагы жумушчу орундарды түзүү маселелерин талкуулоо учурунда билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы «кирип келген жыл бардык жагынан бурулуш болушу керек» деп белгиледи.

«Кечээ Садыр Жапаровдун президент болгонуна үч жыл болду. Бул убакыттын ичинде биз көп иштерди аткара алдык жана бул иштин жыйынтыгын көрүп жатабыз», — деди ал.

«Жаңы өндүрүштөрдү түзүү, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, жаңы тоо-кен долбоорлорун ачуу, темир жол жана ири гидроэнергетикалык объектилердин курулушун баштоо 2024-жылга белгиленген тапшырмаларды жана максаттарды ишке ашырууну тездетет. Жакынкы арада быйыл ишке кирүүгө тийиш болгон жүз ири өнөр жай объектисинин тизмеси бекитилет”,-деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле учурда курулуш жана тигүү тармагында квалификациялуу жумушчу күчүнүн кескин жетишсиздигин кошумчалады.

«Көптөгөн тигүү ишканалары чет элдик жумушчу күчүн тартат жана тартууга аргасыз, ошол эле учурда биздин жарандар өлкөнүн сыртында эмгек миграциясында жүрүшөт. Ошондуктан, маселелердин бул кеңири чөйрөсү бардык мамлекеттик органдар үчүн приоритеттүү болушу керек», — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Отурумдун аягында Министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди, атап айтканда, Улуттук статистикалык комитетке өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин эсептөө методологиясын кайра карап чыгуу, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу механизмин сунуштоо жана 2024-жылга жумуш орундарын түзүү боюнча жол картасын даярдоо тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>