Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, – ӨКМ
11.01.2024 | 22:57
11-12-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон ашуулар:
Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу);
Бишкек — Ош жолунун 98-255-чакырымы (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымы;
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-101-чакырымы;
Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 0-2-чакырымы.
ӨКМ айдоочуларга бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертип, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар