Өкмөт эмдиги жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлөт

Өкмөт эмдиги жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Балыкчы шаарын өнүктүрүү планын талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Өнүктүрүү планына ылайык, муниципалдык мейманкананы реконструкциялоо, асфальт-бетон жана темир-бетон заводун куруу, мурдагы ресторандын имаратында 150 орундуу бала бакча куруу, заманбап көркөм сүрөт галереясын, IT китепканасын түзүү, шаардын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоо пландалууда.

Мындан тышкары, шаар жетекчилиги оор жүк ташуучу унаалар үчүн муниципалдык хаб ачуу, эс алуу жайларын куруу, бюджеттик уюмдардын кызматкерлери жана калктын социалдык аялуу катмары үчүн үй курууга, ирригациялык жана дренаждык системаларды реконструкциялоого кызыкдар.

Акылбек Жапаров белгилегендей, сунушталган план үчүн шаарга 300 млн сом бөлүнөт. Ал ошондой эле, келерки жылы Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнөрүн белгилеп, мэрияга шаарды өнүктүрүүнүн 3 жылдык планын даярдоону тапшырды.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы 150 орундуу бала бакчанын ачылышы пландалып жаткан имараттын абалы менен таанышты. Ошондой эле Каракол жана Балыкчы шаарларындагы автобекеттерди реконструкциялоо долбоорлору боюнча маалымат угулду.

Мындан тышкары, ал Балыкчы — Барскоон унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>