Ишинде өзгөчөлөнгөн мамлекеттик кызматкерлер сыйланды

Ишинде өзгөчөлөнгөн мамлекеттик кызматкерлер сыйланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишинен өзгөчөлөнгөн мамлекеттик кызматкерлерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан бир катар сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда министрликтердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы жана кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн сыйланышты.

Мындан тышкары, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволорунун кызматкерлери жемиштүү иши, жогорку кесипкөйлүгү, Евразиялык экономикалык биримдикте Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдик органдарында Кыргызстандын төрагалык кылуусу алкагындагы иш-чараларды өткөрүүдөгү жигердүү иши үчүн сыйланышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн мамлекеттүүлүктү жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>