Бишкек ШИИББнин Кылмыш иликтөө кызматына жаңы башчы дайындалды

Бишкек ШИИББнин Кылмыш иликтөө кызматына жаңы башчы дайындалды

Улан Бердибаев Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш иликтөө кызматынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Улан Бердибаев ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп келген.

Ошондой эле, Ички иштер министрлигинин буйругу менен Азизбек Ташболотов Ош шаардык милициясынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Суу райондук милициясынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына, Чынгыз Айтимбетов Кара-Суу райондук милициясынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ош шаардык милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги кызматына дайындалды.

Министрлик жаңы дайындалган жетекчилерге чоң ишеним артылып жатканын белгилеп, кызматтарды чыңдоо максатында мындан ары да ички иштер органдарынын жетекчи курамдарын ротациялоо иштери улантыларын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>