Өкмөт табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн лаборатория курат

Өкмөт табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн лаборатория курат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрдү өстүрүү болуп саналат.

Ошондой эле клондоштуруу аркылуу өсүмдүктөрдүн эски сортторун калыбына келтирүүгө жана алардын санын көбөйтүүгө болот. Бул лаборатория ишке киргизилсе жылына 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөөрү пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине жана Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментине бир жумалык мөөнөттө аткара турган тиешелүү тапшырмаларды берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>