Өкмөт Улан-Баторго кеткен спортчуларга эмнеге каражат бере элек?

Өкмөт Улан-Баторго кеткен спортчуларга эмнеге каражат бере элек?

Кыргыз спортчулардын Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугуна катышууга үчүн чыгымдары үчүн каражатты Финансы министрлиги бере элек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Буга нааразы болгон Икрамов президенттин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.

“Монголияга кетээрдин алдында чурулдап атып араң дегенде жол киресин алып бердик. Эми азыркыга чейин калган акчасын Финансы министрлиги бере элек. Кыргыз элинин желегине желибретип, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан спортчулардын акчасын кечиктирбей өз убагында берип турушсун”-деди эл өкүлү.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган, 24-апрелде аяктайт. Кыргызстандын куржунунда 3 алтын бар. Учурда Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөшөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>