Өкмөт жер титирөө 5 балл болгондо да камсыздандыруу төлөмүн берүүнү сунуштоодо
Кыргызстанда турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралууда.
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — жер титирөө учурунда камсыздандыруу төлөмдөрүн берүү босогосун 6 баллдан 5 баллга түшүрүү. Азыркы мыйзам боюнча, эгер жер титирөөнүн күчү 6 баллга жетпесе, үй жабыркаса да камсыздандыруу компаниялары төлөм берүүдөн баш тарта алат.
Өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 2025-жылдын 28-мартында Талас облусунда болгон жер титирөө себеп болгон. Анда 46 үй жабыркап, анын 34ү камсыздандырылган. Бирок жер титирөө 5 балл болгондуктан, тургундар компенсация ала алышкан эмес.
Мыйзам долбоорунда камсыздандыруу төлөмдөрүн төмөнкү учурларда берүү сунушталууда:
— жер титирөө 5 баллдан жогору болгондо;
— шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашканда;
— катуу кар жааганда;
— мөндүр жааганда анын көлөмүнө карабай.
Мындан тышкары, бийлик атайын камсыздандыруу пулун түзүүнү сунуштоодо. Ал камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзүлүп, өзгөчө кырдаалдардагы ири чыгымдарды жабууга резерв катары колдонулат. Долбоордун авторлорунун айтымында, бул камсыздандыруу компанияларынын тобокелдиктерин азайтып, жарандар үчүн төлөмдөрдүн кепилдигин күчөтөт.
Дагы бир өзгөртүү франшизага — башкача айтканда, камсыздандыруу жаба бербеген чыгымдын бөлүгүнө байланыштуу. Анын өлчөмүн жана колдонуу тартибин Министрлер кабинетине өткөрүп берүү сунушталууда. Маалымкат-негиздемеде бул камсыздандыруу рыногундагы жана тобокелдиктердеги өзгөрүүлөргө ыкчам реакция кылууга мүмкүнчүлүк берери айтылган.
Мыйзам долбоорунун авторлору бул өзгөртүүлөр жарандардын каржылык корголушун күчөтүп, Кыргызстандагы сейсмикалык активдүүлүк шартында турак жайларды камсыздандыруу системасынын туруктуулугун жогорулатат деп эсептешет.