Чүйдө жер сатуу иши боюнча дагы бир шектүү кармалды

Чүйдө жер сатуу иши боюнча дагы бир шектүү кармалды

Чүй облусунда мыйзамсыз жер сатуу ишине байланыштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин милиция маалымдагандай, Т.Ж. аттуу аял «Курулушчу» багбанчылык коомунун төрайымы болуп турганда, Сокулуктагы кызмат адамдар жана башка кишилер менен сүйлөшүп алып, коррупциялык ишке барышкан. Ал эски дата менен чыгарылган жасалма чечимдердин негизинде «Курулушчу» дачасындагы 14 жер тилкени өзүнө жана жакын туугандарына каттаган. Кийин ал менен башка кызмат адамдар жерлерди сатып, 3 млн 439 млн сом пайда тапкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (коррупция) ылайык кылмыш иши козголгон. Бул ишке шектүү катары кармалган 59 жаштагы Т.Ж. аттуу аял кармалып, соттун чечими менен тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган.

8-апрелде бул ишке шектүү катары дагы бир адам — «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкери болгон 65 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалды.

Тергөө уланууда.

Милиция «Курулушчу» багбанчылык коомуна байланыштуу аталган эки адамдан жабыркагандар болсо, Сокулуктун милициясына же нөөмөт бөлүмүнүн 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Чүйдө коррупцияга шектүүлөрдүн бири кармалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>