Олимп оюндары: Максим Гордеев кыргызстандыктардын колдоосуна ыраазычылык билдирди — видео

Олимп оюндары: Максим Гордеев кыргызстандыктардын колдоосуна ыраазычылык билдирди — видео

Кыргызстандык Максим Гордеев Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарындагы көрсөткүчү тууралуу пикирин билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздер мени ар тараптан колдогонуңуздар үчүн  абдан кубанычтамын. Бирок бүгүн, кыязы, менин күнүм эмес. Алдыга койгон тапшырманы аткара албай, капа болуп турам. Машыгууда сол тиземди оорутуп алгам. Эртең менен бир аз ыңгайсыздык болду, бирок мен мелдешке чыктым. Жолдо оору басаңдайт деп ойлогом. Аралыктын биринчи бөлүгүн басып өтүп, бутум катуу ооруп, күйүп жатканын сездим. Бул мага жолумду улантууга мүмкүнчүлүк берген жок — бутум денемдин оордугун көтөрө албай, жыгылып калдым », — деди ал.

Эске салсак, Максим Гордеев  Олимпиадада Кыргызстандын жалгыз өкүлү болгон. Ал тоо лыжасы боюнча мелдешке катышып, биринчи аракетинде финишке жетпей калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>