Кыргызстанга оң рулдуу унааларды кайра ташып келүүгө уруксат берүү сунушталууда

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды кайра ташып келүүгө уруксат берүү сунушталууда

Кыргызстанда оң рулдуу унааларды каттоого, эксплуатациялоого жана жол кыймылына катышууга кайра уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев иштеп чыкты.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 15-февралдан тарта коомдук талкуу үчүн жарыяланды.

Депутат оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну толугу менен алып салбай, кошумча камералар орнотулган (монитору бар) унааларды гана иштетүүнү сунуштоодо.

Марлен Маматалиев өз демилгесин башка өлкөлөрдөн бирдей баада алынып келинген унааларга караганда чыгарылган жылы жана башка техникалык көрсөткүчтөрү ачык көрүнүп турганы менен түшүндүрдү.

«Көбүрөөк «жаңы» унаалардын иштеши жалпысынан экологияга оң таасирин тийгизет жана республикалык маанидеги шаарлардагы түтүн маселесин негизинен чечет», — деп түшүндүрөт эл өкүлү.

Маматалиев тыюу салууга жол коопсуздугу себеп болгонун белгилейт.

«Бирок биз технологиянын өнүгүүсү бир орунда турбай турганын эске алышыбыз керек. Азыр да оң рулдуу унааларды айдаган өлкөлөрдө ашып өтүү үчүн атайын монитору бар камераларды колдонууда. Бул ашып өткөндө көрүнүү маселесин чечүүгө мүмкүндүк берет жана кырсыктардын санын азайтат», — деп белгилейт Маматалиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>