Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, каттоо 14-февралда башталып, 6-апрелге чейин уланат.

«Катышууну каалагандар онлайн режиминде да, реалдуу режимде да каттала алышат», — дейт Марат Үсөналиев.

Ал ЖРТнын бүтүрүүчүлөрү каалагандай алаарын эскертти.

«Негизинен булар өлкөнүн жогорку окуу жайларында билимин улантууну каалагандар. Тестти мурунку жылдардын бүтүрүүчүлөрү да тапшыра алышат», — деп кошумчалады бөлүм башчы.

Каттоо суроолору боюнча билим берүү мекемелериндеги ЖРТ боюнча жооптуу адамдарга, ошондой эле ишеним телефондору: 0312664838, 0312620470, WhatsApp: +996500664838, +996770664838 аркылуу байланышса болот.

Эске салсак, 2012-жылдан тарта менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык ЖОЖдоруна кабыл алууда тестирлөө милдеттүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>