Екатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузганБорбордук Азияда Эль-Ниньодон улам нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкү коркунучу бар — ДМӨКыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштүОрусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор барКыргызстанда жумуш ордундагы ыдык көрсөтүү боюнча кайда даттанууга болот?Путин Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевди «Достук» ордени менен сыйлады
Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев тууралуу кызыктуу фактылар
17.11.2023 | 09:05
Кыргызстандын таанымал оор атлетчиси, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Каныбек Осмоналиев быйыл 70 жылдык мааракесин белгилөөдө.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Каныбек Осмоналиевдин мааракесин утурлай ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдаган.
- Каныбек Осмоналиев Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Бейшеке айылында 1953-жылы 19-ноябрда жарык дүйнөгө келген.
- 1968-жылы Бейшеке 8 жылдык мектебин, андан кийин 1970-жылы Кара-Булак орто мектебин ийгиликтүү аяктап, Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетине тапшырат. 1976-жылы аталган окуу жайды аяктап, тарых мугалими дипломуна ээ болот.
- Болочок чемпион машыктыруучусу менен биринчи жолу университеттин спорт секциясынан таанышканда бою 1 метр 48 см салмагы 42 кг болгон. Ал 70 кг салмактагы штанганы кармап, нече жолу отуруп-туруп көнүгүү жасап, спорттук секциядагы балдарды, машыктыруучуларды таң калтырган.
- 1971-жылдан тартып машыктыруучусу Иткин Семён Давидович менен оор атлетика менен машыгып калат. Машыктыруучусу экөөнүн талбас эмгегинин натыйжасында дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Европанын 2 жолку чемпиону, СССРдин 2 жолку чемпиону, 1980-жылдагы Олимпиаданын чемпиону , СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери деген наамдарга ээ болгон.
- Каныбек Осмоналиев өзүнүн кызмат жолун 1974-жылы жөнөкөй дене тарбия боюнча инструктор кесиби менен баштаган.
- Осмоналиев 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарынан кийин төрөлгөн небересинин ысымын Олимпиада койгон.
- Өмүрлүк жары «Баатыр эне» Медеркан менен төрт уул (Мирлан, Чыңгыз, Урмат, Тынчтык) жана үч кызы (Элвира, Венера, Нурзада) бар. 20дан ашуун неберинин кадырлуу жана сүйүктүү чоӊ ата, тай ата, чоӊ эне, тай энеси.
- Каныбек Осмоналиевдин «Олимп оттору» жана «Ырга айланган Каныбек» деген китептери чыккан. «Олимп оттору» китеби аркылуу окурмандарга өзүнүн өмүр баянын жана спорттогу жетишкендиктерин чагылдырган. Ал эми «Ырга айланган Каныбек» китебинде Каныбек Осмоналиев жөнүндө жазылган ырлар, чыгармалар камтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом