Өлкөдө адамды жүзүнөн тааныган камералар аркылуу издөөдө жүргөн 735 адам табылган

Өлкөдө адамды жүзүнөн тааныган камералар аркылуу издөөдө жүргөн 735 адам табылган

Кыргызстанда адамды жүзүнөн таануучу видеокамералар иштей баштагандан тарта издөөдө жүргөн 735 адам табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМ тарабынан өлкө боюнча 800дөн ашык видеобайкоо камералары орнотулган. Анын ичинен 500дөн ашыгы коомдук жайларда орнотулган.

Аталган тутум ишке киргизилгенден бери адамдардын жүзүнөн таануучу сырткы видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен жалпы 735  адам аныкталган. Алардын ичинен кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн 505 адам жана эл аралык издөөдө жүргөн 104 адам аныкталып, кармалган. Ошондой эле дайынсыз жоголгон 114 адам табылган.

«Укук коргоо органдары тарабынан заманбап технологияларды колдонуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин сактоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ички иштер органдарынын ишине санариптик технологияларды киргизүү көп жагынан кылмыштарды өз убагында аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгон жарандарды издөө зарылдыгы менен шартталган», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>