Олимпиада: Кыргызстандык боксчулар лицензиялык мелдешке катышат

Олимпиада: Кыргызстандык боксчулар лицензиялык мелдешке катышат

Кыргызстандык боксчулар Италияда өтө турган Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 29-февралдан 12-мартка чейин өтөт. Кыргызстандан бул турнирге 7 мушкер барат.

Курама команданын тизмеси:

— Нуржигит Дүйшөбаев — 51 кг;

— Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг;

— Мирзохид Имамназаров — 63.5 кг;

— Нурадин Рустамбек уулу — 71 кг;

— Эркин Адылбек уулу — 80 кг;

— Өмүрбек Бекжигит уулу — 92 кг;

— Бакыт Токтосун уулу — +92 кг.

Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучулар Улан Сагынбаев жана Бейшен Сабатаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште эркектер арасындагы таймашта 1, 2-орундарды алгандар жана 3-орунга татыган эки спортчу (жалпы 4 мушкер) Олимпиадага лицензия алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>