Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Быйыл бүтүрүүчүлөргө аттестат бекер берилет
28.02.2024 | 10:50
Быйыл жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын мамлекеттик үлгүдөгү бул документтер үчүн акча талап кылууга укугу жок.
Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына 50 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты үчүн 50 сом, күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт.
Белгилей кетсек, 2023-2024-окуу жылында өлкө боюнча 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 128 миңден ашуун, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 73 миңден ашуун.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом