Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом сый акы берүү. Долбоор колдоо тапты

Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом сый акы берүү. Долбоор колдоо тапты

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда каралды.

Бириктирилген мыйзам долбоору Нурбек Сыдыгалиев, Мирлан Самыйкожо, Шайлообек Атазов, Русланбек Жакышов, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Марат Мураталиев, Ырысбек Атажанов, Айбек Алтынбеков, Фарходбек Алимжанов, Уланбек Бакасов, Таалайбек Масабиров, Акылбек Түмөнбаев, Винера Раимбачаева, Аида Исатбек кызы, Айбек Маткеримов, Эмил Жусупов, Улугбек Ормонов, Фархад Исмаилов, Гүлшаркан Култаева, Алишер Козуев, Бахридин Шабазов, Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов жана Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов долбоор аркылуу чемпиондор жана байге ээлери үчүн сыйлыктардын суммаларын, ошондой эле машыктыруучуларга жана врачтарга бөлүштүрүлүүчү сыйлыктардын жана пайыздардын көлөмүн аныктоо сунушталып жатканын белгиледи.

Тактап айтканда, Олимпиада, Паралимпиада жана Азия оюндарында алтын медаль алгандарга 10 млн сом, күмүш медаль алгандарга 7 млн сом, коло медаль алгандарга 5 млн сом берүү сунушталууда.

Андан тышкары, спортчунун акчалай сыйакысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10% өлчөмүндөгү бир жолку сый акылар белгиленген.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна экинчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>