Президент Жапаров Атамбаевдин абактан чыгышы боюнча үн катты

Президент Жапаров Атамбаевдин абактан чыгышы боюнча үн катты

Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышы боюнч үн катты.

Өлкө башчыга «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иштери кайра кароого жиберилиши жана анын дарылануу үчүн чет жакка чыгуусуна уруксат берилишине сиздин пикирди билсек. Соттун чечимине көз карашыңыз кандай болду, чечимге макулсузбу?» деген суроо узатылды.

«Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.

«Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын» деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: «Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын»,- деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 13-февралда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча буга чейинки сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

14-февралда Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берип, ал абактан чыккан. Бүгүн, 15-февралда ал Испанияга учуп кеткени кабарланды.

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш 2019-жылы Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышынын себептеринин бири болгон.

Экс-президент макамынан ажырагандан кийин ИИМ Атамбаевди бир нече ирет суракка чакырган. Бирок ал суракка келбегендиктен, аны кармоо боюнча 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта атайын операция уюштурулган. Натыйжада Атамбаев кармалып, Кой-Таштагы окуя боюнча ага иш ачылган. Учурда ал сотто каралууда.

Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш боюнча Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.

Алмазбек Атамбаев камактан чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>