Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Видео: Олимпиаданын жабылуу аземинде тууну Тыныбекова менен Шаршенбеков көтөрүп чыкты
12.08.2024 | 11:28
Париждеги Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. 26-июлда башталган жарыштардын жабылуу аземи 11-августта болуп өттү.
Париждин түштүк тарабындагы “Стад де Франс” стадионунда өткөн жабылуу аземинде Кыргызстандын туусун балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков көтөрүп чыкты.
Бул Олимпиадада кыргызстандык спортчулар 6 медаль – 2 күмүш жана 4 коло утту. Күмүш байгени балбан кыз Мээрим Жуманазарова жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалга Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков кол жеткизди. Кыргызстандан бул мелдешке жалпы 16 спортчу барган.
Медалдардын саны боюнча Кыргызстан Олимпиадага катышкан 200дөн ашык өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.