ТИМ: Москвадагы «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 233 жараны кармалуудаСадыр Жапаров АКШга жумушчу сапары менен барды19-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышат
Кыргыз абитуриенттери Сибирь университетине бекер кабыл алынат
12.08.2024 | 12:19
Новосибирск шаарындагы Сибирь мамлекеттик жолдор университети (СМЖУ) «Темир жол куруу» адистиги боюнча бюджеттик орунга 10 кыргызстандык студентти кабыл алат.
Кирүү экзамендерин тапшырууда СМЖУ бардык сабактардан: математика, физика, орус тили боюнча консультативдик колдоого кепилдик берет.
Абитуриенттер 15-августка чейин inter_sgups@stu.ru электрондук дарегине документтерди жибериши зарыл.
Университеттин кызматкерлери Бишкекте информатика, математика, физика жана орус тили боюнча кирүү сынактарын дистанттык форматта кабыл алышат.
Студенттерге жатаканадан орун дагы берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом