«Өлкөнү сатып жатасыңар», «Сотто жооп бересиң». Парламентте эки депутат кайым айтышты (видео)

«Өлкөнү сатып жатасыңар», «Сотто жооп бересиң». Парламентте эки депутат кайым айтышты (видео)

Жогорку Кеңеште депутаттар Султанбай Айжигитов менен Балбак Түлөбаев кайым айтышты.

Бүгүн, 27-майда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Ал мыйзамда Ысык-Көл облусунда рекреациялык объекттерди чет элдик жарандарга менчикке сатууга уруксат берүү каралган.

Талкуу учурунда депутат Султанбай Айжигитов бул мыйзамга каршы экенин билдирди. Ал рекреациялык объекттерге суулар, токойлор, тоолор кирерин айтып, бул мыйзамды демилгелегендер эс алуу объекттери менен бирге жерди сатууну көздөп жатканын айтты.

Мыйзам долбоорун демилгелегендердин бири депутат Балбак Түлөбаев Кыргызстандын мыйзамы боюнча чет элдиктерге жер сатууга жол берилбей турганын, аталган документ менен Ысык-Көлдөгү объекттерди сатууга гана уруксат берүү каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көлдөн башка облустарда чет элдиктерге мүлктү сатууга уруксат берилген.

Айжигитовдун өлкөнүн экономикасына колдоо көрсөтүү «мекенди сатуу» жолу менен жасалбашы керектигин айтканда, анын сөзүнө териккен Түлөбаев Айжигитовду сотко берерин билдирип, ортодо кайым айтыш башталды. Эки депутат бири-биринин кадыр-баркына доо кетирген сөздөрдү айтып, алардын кайым айтышуусу бир топко узады. Аягында ачууланган депутат Айжигитов мыйзам долбооруна каршы экенин айтып, комитеттин жыйынынан чыгып кетти.

Соңунда депутаттар аталган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>