Сот эркин журналист Али Эргешевге өкүм чыгарды

Сот эркин журналист Али Эргешевге өкүм чыгарды

Жалал-Абад шаардык соту эркин журналист Али Эргешевге өкүм чыгарды.

Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматы Reporter.kg’ге билдиргендей, шаардык сот Эргешевди «бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айыппул салган. Өкүм 24-майда чыккан.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 13-февралда Али Эргешев «Манас» аэропортуна туугандарын узатып барганда, ал жактагы адамды жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен милиция тарабынан кармалган. Милиция кызматкерлери аны Жалал-Абадга алып кетип, журналист 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 15-февралда шаардык сот Эргешевди үй камагына чыгарган.

Милициянын маалыматы боюнча, 2023-жылы 24-майда аларга Эргешевдин үстүнөн арыз түшкөн. Арыз жазган адам, Али Эргешев ошол күнү Жалал-абад шаардык сотуна келип, имаратка кирип баратканда, сот аткаруучунун талаптарына баш ийбей, кийип турган формасына асылып, погонун жулуп алганын билдирген. Ал боюнча журналистке «бейбаштык» беренеси менен иш козголгон.

Милиция билдиргендей, Али Эргешев тергөөгө келбей, жашырынып жүргөнүнө байланыштуу шаардык сот аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарып, журналист издөөгө алынган.

Ал эми журналист Али Эргешев эч кандай мыйзам бузбаганын айтып, кармалышын өзүнүн журналисттик иши менен байланыштырган. Ошондой эле ал издөөдө жүргөнү тууралуу кабары жок экенин айткан.

Али Эргешев Ютубдагы «Эл билсин» долбоорун иштеткен журналист катары белгилүү. Ал өлкөдөгү тамактануучу жайлардагы санитардык абал, мамлекеттик мекемелердеги алешемдиктерди ачыктаган видеолорду чыгарып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>