«Аялдар ишкердиги» түшүнүгү мыйзам менен бекитилет

«Аялдар ишкердиги» түшүнүгү мыйзам менен бекитилет

«Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга аялдардын ишкердиги түшүнүгүн киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоорун депутат Камиля Талиева менен Элдар Абакиров иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Төмөнкү 2 учур боюнча айтылат:

— Жеке ишкерлик аял тарабынан жүргүзүлгөндө;

— Акцияларынын же катышуу үлүшүнүн 51%дан кем эмеси аялга таандык, жана штаттык кызматкерлеринин 51%дан кем эмесин аялдар түзгөн, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.

Депутаттардын айтымында, көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы бизнес чөйрөсүндөгү аялдарга мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт.

«Аялдардын ишкердиги – социалдык-эмгек мамилелерин өнүктүрүүдөгү актуалдуу муктаждык, ал коом, эл аралык уюмдар тарабынан активдүү колдоого алынып, финансы-кредиттик уюмдар тарабынан колдоого алына баштады, бирок ишкердик демилгелерди турмушка ашыруу оңой эмес, бул мамлекет тарабынан комплекстүү жана системалуу колдоону талап кылат», — дейт авторлор.

Мыйзам долбоорунун маалыматтык негиздемесине ылайык, 2020-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын жумуштуулук деңгээли 43% ды түзсө, ошол эле убакта эркектердин жумушчу күчкө катышуу деңгээли 70,9% ды түздү. Шаарларда аялдардын катышуу деңгээли- 46,8%, ал эми айыл жеринде – 40,6%ды түзөт. Экономикалык жактан активдүү эмес калктын арасында аялдардын үлүшү 69% түзөт. Ошол эле учурда, үй чарбасын жүргүзгөндөрдүн жалпы санынын 97% аялдар түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>