Өлүм менен аяктаган туулган күн: Ошто эки адамга өкүм чыкты

Өлүм менен аяктаган туулган күн: Ошто эки адамга өкүм чыкты

Ош шаардык соту мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө айыпталган эки адамды 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун өкүмүндө айтылат.

Тергөөнүн маалыматына караганда, окуя быйыл март айында катталган. Соттолуучулар досу менен спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишкен. Жаңжал учурунда эки адам Б.С.ны сабап, ал башынан оор жаракат алып, анын кесепетинен каза болгон. 

«Айыпталуучулардын бири маркумдун тууганы болгон. Окуя болгон күнү И.Г.Ч. туулган күнүнө тууганына телефон чалып чакырган. Алар чогулуп, спирт ичимдиктерин ичип отуруп, бир аздан кийин Б.С. менен мас абалындагы эки адамдын ортосунда чыр чыккан. Үчөө тең коридорго чыгышып, андан соң айыпталуучулар досунун башына учтуу буюмдар менен чаап башташкан. Кылмыштын изин жашыруу үчүн алар Б.С.нын сөөгүн дарыяга ыргытып салышкан», — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Жабыркаган тарап бул чечимге каршы Ош облустук сотуна кайрылган. Адвокат айыпталуучуларды өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Бирок экинчи инстанция шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>