Ноокатта электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланган. Башкы прокуратура иш козгодуМанас шаарында 500 орундуу мектеп курулуп жататКөчмөндөр оюндарында Кырчын «Көчмөндөр ааламына» айланатБишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылдыЧет өлкөлүктөргө кыргызстандык карын энелердин кызматын пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда1-сентябрдан тарта «Амина» тиркемеси Москвадагы чет өлкөлүктөр үчүн милдеттүү болот
Он май куючу жай, 3 чек ара заставасы. Чек ара чырында жабыркаган мекемелердин тизмеси
03.05.2021 | 13:08
Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан келтирилген зыян такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.
Атайын комиссия тарабынан Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.
Өкмөт өкүлү берген маалыматта, облуста жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куйуучу жай, 8 дүкөн күйгөн.
Ал эми ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, Баткен облусу боюнча 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай (АЗС), 8 дүкөн, 4 мамлекеттик имарат жабыркаган.
Баткен району боюнча:
- 30 турак үй;
- 2 мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 ФАП;
- 3 мамлекеттик имараттар.
Лейлек району боюнча:
- – 48 турак үй;
- – 10 май куюучу жай (АЗС);
- – 8 дүкөн;
- – 1 башка мамлекеттик имарат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар