Улуттук банктын аудити үчүн $300 миң. Эмне үчүн текшерүүнү эл аралык компаниялар жүргүзөт?АКШ Орусияга каршы Кытай менен достошкусу келет – улуттук коопсуздук маселелери боюнча экспертБишкекте алты көрүстөн жаңы сөөк коюулар үчүн жабылдыУлуттук банк эки жаңы банкка — мамлекеттик «Кылым Банкына» жана жеке менчик «Мурас Банкына» лицензия бердиБишкекте Россия менен Кыргызстандын мугалимдеринин эл аралык форуму ачылдыКыргызстанда парник газдарын азайтуу боюнча жаңы энергетикалык долбоор ишке ашат
Оң рулдуу унааларды жыл аягына чейин каттап алууга уруксат берүү сунушталды
20.05.2024 | 11:08
Оң рулдуу унааларга убактылуу мунапыс берүү сунушталды. Бул боюнча мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев менен Балбак Түлөбаев иштеп чыкты.
Эл өкүлдөрүнүн маалыматында, 2023-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 873 миң 592 жеңил машина катталса, анын 127 миң 842си оң рулдуу болгон. Быйыл, 1-апрелге карата мындай автомобилдер жалпы көрсөткүчтө 15 пайызды (1 миллион 171 миң 454 жеңил автомобилдин 174 миң 826сы оң рулдуу) түздү.
Алар 9 жыл ичинде жалпы жол кырсактырынын 35 пайызына катышканы белгиленет.
Депутаттар 2015-2023-жылдар аралыгында Кыргызстанга кирген оң рулдуу унааларды 31-декабрга чейин каттап алууга уруксат берүүнү демилгелейт.
Оң рулдуу таксилерге 2030-жылга чейин тыюу салбоо сунушталды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика