Бишкекте президенттик балаты өтөт

Бишкекте президенттик балаты өтөт

Бүгүн, 28-декабрда, президент Садыр Жапаров Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.

Жаңы жылдык концерттик театралдаштырылган программа УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Көрсөтүүнүн башталышы – саат 10:55.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>