Операцияга чогулган 500 миң сомду уурдап кетишти. Шектүүлөр кармалды

Операцияга чогулган 500 миң сомду уурдап кетишти. Шектүүлөр кармалды

Сузак районунда уурулукка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 41 жаштагы жаран кайрылып, анын үйүнө уурулар кирип, 500 миң сомун уурдап кеткенин билдирген. Каражат аялынын операциясына чогултуруп жаткан, аны кайдыгер эмес жарандар чогултууга жардам беришкен.

“Андан кийин милицияга 48 жаштагы райондун тургуну кайрылган. Ал анын үйүнө уурулар эшигин талкалап кирип, баалуу эч нерсе таппагандан кийин качып кетишкенин билдирген. Ушундай эле арыз жергиликтүү 51 жаштагы тургундан түшкөн. Анда ал үйүнө уурулар кирип, 30 миң сомго бааланган алтын буюмдарын алып кеткенин айткан.

Аталган фаткылар боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдүн бири Ош шаарында анын шериги Жалал-Абад шаарында кармалган. Алар эки айга камакка алынып, учурда тергөө уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Тэги: сузак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>