Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
К.Итибаев: Кыргызстанда туризм тууралуу англисче маалымат бере турган канал керек
23.06.2022 | 12:16
Кыргызстанда туризм тууралуу маалымат бере турган англис тилинде бир дагы санарип канал жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.
Анын айтымында, 30 жыл бою өлкө айрым ички иштери менен алек болуп, калган дүйнөгө эч нерсе сунуштаган жок.
«Бизге жаратылышыбызды, көчмөн маданиятыбызды ж.б.у.с. дүйнөгө жеткирүү үчүн ушундай канал керек. Азыр биз бул долбоорду түзүүнүн концепциясын карап жатабыз. Орусия, Казакстан жана Кытайда англис тилинде мындай 15 канал бар», – деп кошумчалады ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом