«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
Опумбаев: “Альфанын” балдарын ургандарды камагандан кийин кызматтан кетем
13.08.2019 | 12:13
“Алфанын” балдарын ургандардын баарын камап, Кой-Таш окуясынын аягына чыккан соң кызматтан кетем. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрөгасы Орозбек Опумбаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
“Ооба, буга чейин да кызматтан кетеримди айткам. Бирок баштаган ишти аягына чыгып, менин балдарымды ур-тепкиге алгандардын баарын отургузган соң кызматтан кетем”, – деди ал.
Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жүздөн ашык адам жаракат алып, УКМКнын “Альфа” тобунун 6 жоокери барымтага алынып, бир офицер октон каза болгон. “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча бир нече адам камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат