МСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат2023–2026-жылдардагы турак жайды менчиктештирүүгө жаңы коэффициент киргизилет
Опумбаев: “Альфанын” балдарын ургандарды камагандан кийин кызматтан кетем
13.08.2019 | 12:13
“Алфанын” балдарын ургандардын баарын камап, Кой-Таш окуясынын аягына чыккан соң кызматтан кетем. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрөгасы Орозбек Опумбаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
“Ооба, буга чейин да кызматтан кетеримди айткам. Бирок баштаган ишти аягына чыгып, менин балдарымды ур-тепкиге алгандардын баарын отургузган соң кызматтан кетем”, – деди ал.
Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жүздөн ашык адам жаракат алып, УКМКнын “Альфа” тобунун 6 жоокери барымтага алынып, бир офицер октон каза болгон. “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча бир нече адам камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат