20-май күнү Оренбург-Бишкек чартердик каттамык менен 164 кыргызстандык келди. Бул тууалуу коронавируска күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штаб маалымдады.
Келгендердин баары “Манас” аэропортунун учуу тилкесинен текшерилген жана COVID-19 вирусуна ПЦР анализ алынып, анан соң обсервацияга жиберилген.
Бул каттам Кыргызстан менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган.