Көлбаевдин тобундагы «Алтуха», «Протез», «Кеня» камалды (видео)

Көлбаевдин тобундагы «Алтуха», «Протез», «Кеня» камалды (видео)

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 4 мүчөсү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, алардын бөгөт чарасы 25-майда Биринчи май райондук сотунда каралып, шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Алар УКМК тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, 23-майда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун «Алтуха» (А.И.), «Протез» (А.Ш.), «Кеня» (К.Т.) жана А.К. аттуу мүчөлөрү көп жылдар бою, Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен жарандардын товарларын тартып алуу менен алектенип келген деп шектелип кармалган. Учурда бул ишке абакта отурган адамдардын катыштыгы текшерилүүдө.

«Аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан болжол менен жалпы суммасы 385 миң доллар болгон эл керектөөчү товарды тартып алышканы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу атайын кызматка кабар берүүсүн суранат.

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагылардын кармалышынын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>