Ормуков & Текебаев: Мандат чырынын чыгышына эмне себеп болгон?

Ормуков & Текебаев: Мандат чырынын чыгышына эмне себеп болгон?

Активист Темирлан Ормуков Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратууга эмне себептен кызыктар болуп жатканы боюнча Reporter.kg басылмасына түшүндүрмө берди.

Активисттин айтыманда, анын Текебаевди жактаган балдар менен уруша кеткени мандат чырына себеп болгон.

“Мен негизи Текебаевдин камалышын мыйзамсыз деп сындап, маалыматтык колдоо көрсөтүп жүргөм. Ошол убактарда депутат Дастан Бекешев мени жамандап, Текебаевди, Салянованы жана бардык “атамекенчилерди” жамандап жүргөн. Анан 4-октябрдагы окуялардан кийин патриоттук ырларымды окуп бер деп мени аянтка чакырышкан. Барасам Дастан Бекешев “атамекенчилердин” трибунасында сүйлөп жатыптыр. Анан мен бул эмнеге жүрөт десем “биз булар менен компромисске келгенбиз, Атамбаев менен Текебаев бириккен” деп жооп берди. Анан сөздөн сөз чыгып уруша кеттик. Анан эле бир “Ата-Мекен” партиясынын бир өкүлү Текебаевге асылууга себеп таппай жатасыз, биздин шеф бронированный” деп мага асылды. Анын бул сөзү менин сотко арыз беришиме себеп болду”, – деди ал.

Ошондой эле активичт, Садыр Жапровдун камчысын чаап жатат деген кептер негизсиз экенин кошумчалады.

“Мен сотко кайрылгандан кийин эл Садыр Жапаровго байланыштырып жатышат. Мен негизи Жапаровдун түрмөдөн чыгышына укуктук баа бергиле деп Башкы прокуратурга ноябрь айынын башында кайрылгам. Мындан башка Жогорку Кеңештин 62 депутатынын мандаты жараксыз, мыйзамга туура келбей турганы боюнча кайрылгам”, – деди Ормуков.

Reporter.kg Темирлан Ормуковдун айткандары боюнча “Ата-Мекен” патиясынын пикирине сөзсүз орун берет.

Белгилей кетсек,  15-октябрда БШК Текебаевге депутаттык мандатты кайта кайтарып берүү боюнча чечим чыгарган. Бул чечимди негизсиз деп Темирлан Орумуков эртеси күнү сотко кайрылган.

Бишкектин административдик соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун арызын канааттандырып, БШКнын  чечимин жокко чыгарган.

Бүгүн, 4-декбарда Темирлан Ормуков маалымат жыйын берип, «административдик сот ишти жакшы карабай, Текебаевдин мандаты дароо ажыратылбай жатат» деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>