Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Орус актеру Владимир Левашев көз жумду
05.04.2023 | 00:02
Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, “Модерн” театрынын актёру Владимир Левашев 72 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде аталган театрдын басма сөз кызматы билдирди.
Левашев «Модерн» театрында 20 жылдан ашык кызмат өтөп, сахнада көптөгөн образдарды чагылдырган, өз тармагында чыныгы профессионал, ар кайсы муундагы театр актерлорунун досу жана насаатчысы болгон.
1950-жылы 18-июнь күнү туулган. «Модерн» театрында «Укук», «Эски үй», «Кичинекей ханзааданын сапары» спектаклдеринде ойногон. “Жайдын аягында”, “Склифосовский” тасмаларында роль жараткан. Актёрлуктан тышкары профессионал үн актеру менен алектенген “Астерикс жана Обеликс Британияда”, “Улуу Гэтсби”, “Күтүлбөгөн саякат” сыяктуу тасмалардын каармандардын үндөрүн жаздырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар