5-апрелге карата аба ырайы

5-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, Баткен, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +4…+9

күндүз +18…+23

Талас облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +16…+21

Баткен облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +16…+21

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +7…+12

күндүз +17…+22

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -4…+1

күндүз +12…+17

Нарын облусу

түнкүсүн -4…+1

күндүз +11…+16

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип,  абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>