Орус бийлиги Москвадагы кыргыздарга тынчсыздануусун билдирди

Орус бийлиги Москвадагы кыргыздарга тынчсыздануусун билдирди

Орус бийлиги Кыргыз жарандары тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлагандай, мындай билдирүүнү консул Алмаз Букалаев менен болгон жолугушуу учурунда Москва шаарынын жана Москва облусунун прокуратурасынын өкүлдөрү маалымдаган.

Прокуратуранын жетекчилигининин билдирүүсү боюнча, 2021-жылы Москва облусунда кыргыз жарандары тарабынан жасалган кылмыштуулуктун пайыздык өсүшү 10 пайыздан ашкан.

Тараптар кыргыздардын укуктук статусуна, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого байланыштуу маселелерди талкуулашты. Консул жарандардын эмгек акыларын иш берүүчүлөр тарабынан төлөбөгөндүгү боюнча Москва жана Москва облусунун прокуратураларына мурда жөнөтүлгөн кайрылуулардын тизмесин тапшырды.

Өз кезегинде коңшу тарап мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө келип түшкөн бардык кайрылуулар үчүн объективдүү жана комплекстүү текшерүү уюштурулат деп ишендирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>