2022-жылга карата бджеттин жалпы чыгашасы 212,7 млрд сомду түзөт

2022-жылга карата бджеттин жалпы чыгашасы 212,7 млрд сомду түзөт

2022-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешесинин көлөмү 203,6 млрд сомду түзөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, 2022-жылга республикалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү мамлекеттик инвестициялар грантын эске алганда 203,6 млрд сом суммасында же ИДП карата 28,5 % денгээлинде болжолдонууда. 2021-жылга белгиленген бюджетке салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси номиналдык көрсөткүчтө 30,7 млрд сомго жогорулайт.

Республикалык бюджеттин 2022-жылга жалпы чыгаша көлөмү 212,7 млрд сом денгээлинде (ИДП карата 31,3 %) белгиленүүдө.

Мындан тышкары, белгиленгендей, ушул жылы бир топ маанилүү чыгымдар, анын ичинде медициналык, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу орун алды.

Мнинстрлер кабинетинин жыйында «Кыргызстандын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Рубрики: Выборы-2020 , САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>