Орус кино актёру Сергей Безруков Өзбекстанда сабак берет

Орус кино актёру Сергей Безруков Өзбекстанда сабак берет

Орусиялык театр жана кино актёру Сергей Безруков С.А.Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин Ташкенттеги филиалында сабак берет. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

«Орусиянын Эл артисти Сергей Безруков сентябрь айында аталган окуу жайдын Ташкенттеги филиалында актёрдук чеберчиликти үйрөтөт. Ал теориялык сабактарды онлайн, ал эми практикалык сабактарды Ташкент шаарында жеке өткөрөт», — дейт филиалдын директору Элдор Юлдашев.

Мындан тышкары, Юлдашевдин айтымында, филиалда окуу театры да ачылат. Ал эми бул долбоорго Сергей Безруков да катышат.

Маалым болгондой, жаңы окуу жылынан тарта билим берүү жайдын Ташкенттеги филиалында «Киносын» жана «Кино таануу» окуу багыттары пайда болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>