Орус жарандыгын алган мигранттар кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдоно албайт

Орус жарандыгын алган мигранттар кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдоно албайт

1-апрелден тарта Орусияда «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө» федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул тууралуу  Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди.

Ага ылайык Кыргызстандын жараны орус паспортун же  жашап турууга уруксат (ВНЖ) алгандан кийин бир жыл гана кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдоно алат. Андан кийин ал жараксыз болот.

1-апрелге чейин алынган жарандык жана жашоого уруксаты бар мигранттардын айдоочулук күбөлүгү 2025-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.

Бул категориядагы адамдарга Орусиянын улуттук айдоочулук күбөлүгү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте экзаменсиз берилет. Ал үчүн кыргыз айдоочулук күбөлүгү, медициналык маалымкат жетиштүү. Жөнөкөйлөтүлгөн процедура 2025-жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот.

Кош жарандыгы, же жашап турууга уруксат жок кыргыз мигранттары айдоочулук күбөлүгүн алмаштырбай эле иштей беришет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>