Тергөө абагында отуруп жаранды 1,9 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Тергөө абагында отуруп жаранды 1,9 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган адам алдамчылык кылганы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, быйыл январда милицияга Ош шаарынын тургуну кайрылып, шылуундар баасы 1 млн 900,1 миң сомдук жумурткаларын (462 кутуга салынган) алдамчылык жолу менен алып кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштери учурунда милиция менен Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдүн бири (А.А.) Бишкектеги №1 тергөө абагында отурганын аныктаган. Ал дагы бир адам менен сүйлөшүп алып алдамчылыкка барган.

Алар «жүк ташыйбыз» деген шылтоо менен жабырлануучудан Солулуктан Ошко жумуртка жеткирүү үчүн буйрутма алышкан. Жабырлануучу сатып алган жумурткаларды Сокулуктагы тоок ишканасынан алып, Жалал-Абадга жеткенде Базар-Коргондогу базарга алып барып сатып салышкан. Акчасын өздөрүнө алып алган.

Учурда №1 тергөө абагында отурган жаранга (А.А.) «алдамчылык» беренеси менен айып тагылды. Бирок ИИМ ал буга чейин кайсы иш боюнча камакта отурганы тууралуу маалымат берген жок.

Азыркы тапта бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>